Жаңылыктар

23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнү. «Керемет Банктын» кызматкерлери бул майрамды «парта үстүндө» отуруп кыргыз тилин өздөштүрүү менен белгилешти

23 аяк оона 2021

Бүгүн өлкөбүздө мамлекеттик тил күнү салтанаттуу түрдө белгиленүүдө.  

Мындан 32 жыл илгери, тагыраак айтканда 1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңеши тарабынан «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган жана ал тилибиздин мамлекеттик деген макамды алуусуна өбөлгө болгон.

«Керемет Банктын» кызматкерлери үчүн бул күн өзгөчө маанилүү десек жаңылышпайбыз. Бүгүнкү күнү банктагы иш өндүрүшү акырындык менен кыргыз тилинде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү абзел. Мамлекеттик тилди өздөштүрүү үчүн банк кызматкерлерине жагымдуу шарттар түзүлгөн, маселен, бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын окутуу борборунун окутуучулары тарабынан Банк кеңсесинде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча практикалык сабактар уюштурулган.

«Керемет Банк» бардык уюмдарды мамлекеттик тилди өздөштүрүүгө чакырат жана бардык кыргызстандыктарды «Мамлекеттик тил күнү» менен куттуктайт!


close