Жаңылыктар

Snow Leopard Run: «Керемет Банк» алтынга арзыды!

27 аяк оона 2021

Дем алыш күнү Бишкек шаарынын борборунда «Ак илбирсти сактайлы» деген ураан алдында аралыкка чуркоо боюнча эл аралык Snow Leopard Run жарыш болуп өттү. Белгилей кетчү нерсе, катышуучулар тарабынан төлөнгөн старттык взностордун бир бөлүгү GSLEP – «Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча Дүйнөлүк программага» которулат.

Салт боюнча  «Керемет Банктын» өкүлдөрү жарыш өнөрүнүн башка ышкыбоздору менен бирге бул өңдүү иш-чараларга жигердүүлүк менен катышып, тажрыйба топтоп, мурунку жарыштардагы натыйжаларын жакшыртып келишет.

Натыйжада, машыктыруучу Пыхтеев Леонид Геннадьевичтин аракети менен «Керемет Банктын» курама командасы 50дөн 59 жашка чейинкилер арасында уюштурулган 21,1 км аралыкка чуркап, татыктуу түрдө биринчи орунду ээлеген.


Команда машыгууга жана спорттук мелдештерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн банк жетекчилигине терең ыраазычылык билдирет. Эки жумадан кийин, тагыраак айтканда 10-октябрда чуркоо боюнча «Күз Деми» аталышындагы дагы бир мелдеш уюштурулуп жатканын, ал эми банк кызматкерлери ага сөзсүз катышабыз жана Банкка кезектеги жеңишти алып келебиз деген ойдо тургандыгын белгилей кетүү абзел.


close