Жаңылыктар

«Керемет Банк» пандемия мезгилинде зыян тарткан бизнести пайызсыз насыялоо программасын ишке киргизүүдө

1 тогуздун айы 2021

«Керемет Банк» ААК жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча Мамлекеттик  агенттик “Микро, чакан жана орто бизнести тез арада колдоого алуу жөнүндө” Макулдашууга кол коюшту.

«Керемет Банк» тараптан кызматташтык тууралуу Макулдашууга Банк Башкармалыгынын Төрагасы Рысбек Токтогулович Токтогул, Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча Мамагенттик тарабынан – директору Жусубали Кыргызбаевич Торомаматов кол коюшту.

Дүйнөлүк банк жана Инфраструктуралык инвестициялар Азия банкы тарабынан каржыланган долбоор, COVID-19 пандемиясынын натыйжасынан зыян тарткан ата-мекендик бизнести калыбына келтирүүгө багытталган.

Мөөнөтү 18 айга каралган пайызсыз насыяларды берүү үчүн каражат төмөндөгү эки багыт боюнча берилет. 

  • I багыты – патенттин негизинде иш алып барган, майда бизнес менен алектенген ишкерлер.
  • II батыгы – кызматкерлерди жалдап, юридикалык жак же жеке ишкер катары иш алып барган орто жана чакан ишканалар.

Кызматташтыктын аталган модели COVID-19 илдетинин бизнеске келтирилген жагымсыз кесепеттерин четтетүү үчүн пайызсыз насыя ресурстарынан пайдаланып калууну жана толук кандуу иш алып барууну тез арада калыбына келтирүүнү камтыган, ишеркерлер үчүн каралган эң мыкты  жүрүм болуп саналат.

“Керемет Банк” өлкөдө ата мекендик бизнести калыбына келтирүүгө жана бүтүндөй алганда, Кыргыз Республикасынын экономикасын жакшыртууга оңтойлуу таасирин тийгизе турган маанилүү социалдык долбоордун бир бөлүгү болууга умтулат.

Аталган программа боюнча насыялоо шарттары Банк менен Агенттиктин ортосундагы уюштуруу маселелери аяктагандан соң жарыяланмакчы. Аталган долбоор жана Банктын башка кызматтары тууралуу баардык суроолорду Банктын күнү-түнү иштеген контакт-борборуна +996 312 55 44 44 телефону же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp аркылуу кайрылуу менен алууга болот


close