Жаңылыктар

«Бүткүл дүйнөлүк сактык күнү- 2021»: БАЭУ студенттери «Керемет Банкта» конокто

25 тогуздун айы 2021

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги алдында өлкөбүздө «Бүткүл дүйнөлүк сактык күнү- 2021» күнүнүн урматына арналган масштабдуу иш-чаралар расмий түрдө башталгандыгын белгилей кеткибиз келет. Аталган Эл аралык кыймылдын башкы максаты – бул бүгүнкү жаштардын финансылык билимин жогорулатуу, сактык жана инвестирлөө маданиятын өздөштүрүүсүнө көмөктөшүү,  өз каржылык келечектери тууралуу ойлонууга мажбурлоо.

Маалымат катары:

Майрам 31-октябрда башталат, тагыраак айтканда, 1924-жылы Милан шаарында (Италия) 29 өлкөдөн келген сактык кассаларынын өкүлдөрү Биринчи интернационалдык адистештирилген конгресске чогулушуп, «Бүткүл дүйнөлүк сактык күнүн» уюштуруу тууралуу чечим кабыл алышкан. Мына ушундан тартып аталган майрамдын географиясы жана популярдуулугу жыл сайын кеңейип жүрүп отуруп, бүгүнкү күнү ал дүйнө жүзүнүн дээрлик бардык өлкөлөрү менен бирге Кыргыз Республикасында дагы белгиленип келе жатат.

Ошентип, Токмок шаарындагы Борбордук Азия Эл аралык Университетинин I жана II курсунун студенттеринин «Керемет Банктын»  иши менен таанышуу максатындагы аталган  экскурсиясы «Бүткүл Дүйнөлүк сактык күнү – 2021» күнүнө арналган биринчи иш-чара болуп калды.

Келечектеги юристтер менен бизнес-администраторлорго банктын ар кыл бөлүмдөрүнүн ишин ичинен көрүп, жакындан таанышуусуна жакшы шарт түзүлдү. Мисалы, таанышуу «Керемет Банк - Бишкек» филиалынын кардарларды тейлөө кеңсесинен башталып, бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук башкармалыгында улантылды, мына ушундан кийин студенттер юристтерге баш багып, банктагы карточкалык өндүрүмдөр, дистанттык тейлөө мүмкүнчүлүктөрү жана маалымат коопсуздугу кызматынын күндөлүк иштери менен тааныша алышты.

  • Бүтүндөй экскурсиянын жүрүшүндө төлөм картасы кызыгууну жараткандыктан банк студенттердин бирине карта тариздеп берген. Картанын ээси жана анын тайпалаштары төлөм кызматы, заманбап банктык өндүрүмдөр, кызмат көрсөтүүлөр жана технологиялар жөнүндө көп жаңы нерселер тууралуу маалымат алышып, экскурсиянын соңунда банктын ар кыл жабдууларында иш алып баруу ыкмалары менен таанышышты. Ошентип, студенттер жаңы таалимге гана ээ болушпастан, каржылык билимди жогорулатуу боюнча пайдалуу адабияттарга жана ар кандай сувенирлерге ээ болуп кайтышты.

Белгилей кетсек, окуу жайлар менен мындай тариздеги баарлашуулар «Керемет Банктын» көптөн бери келе жаткан салты болуп саналат, албетте студенттер келечекте банктык өндүрүмдөр менен санариптик чечимдерге кесиптештер катары болбосо дагы кардарлар катары кез келбей коюшпайт.

Майрамдык апта жаңы гана башталды, андыктан социалдык тармактар аркылуу «Керемет Банктагы» каржылык сабаттуулук жаатында өткөрүлүүчү бардык иш-чаралардын анонсторуна байкоо жүргүзүп туруңуз – келечекте сиз үчүн пайдалуу кеңештерди, сунуштарды, конкурстар менен викториналарды өткөрөбүз. 

 


close