Жаңылыктар

«Дүйнөлүк тазалыктын күнү» глобалдык эко-акциясындагы Кыргызстандын жалпы жеңишине кошкон өзүнүн салымы үчүн «Керемет Банк» дагы сыймыктана алат

26 тогуздун айы 2021

Дүйнөлүк тазалыктын күнүнө арналган глобалдык экологиялык акциянын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 191 мамлекетинин ичинен 1-орунду ээледи. «Керемет Банк» Let’s Do It дүйнөлүк кыймылынын өлкөлүк өнөктөшү – Айжан Чыныбаева башында турган «Эко Деми» коомдук фондуна – планетанын глобалдык кирдешине каршы күрөшүү тармагында мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет.

 

Дүйнөлүк тазалык күнү – ал, көйгөй масштабдарын аңдоо жана аны чечүүгө өзүнүн орундуу салымын кошууга адамдарга жардам берүү максатында, Эстонияда жаралган, жыл сайын өтүүчү акция. 2021-жылы коомдук пайдаланууда турган жайларды таштандыдан тазалоо боюнча эко-акция 18-сентябрда болуп өтүп, дүйнөнүн 190 мамлекетинин кайдыгер болбогон жашоочулары бир мезгилде планетаны тазалоого чыгуу менен аталган демилгени колдоого алышкан.

«Керемет Банк» дагы курчап турган чөйрөнү жана ата-мекенин таштандыдан тазалоого өзүнүн барандуу салымын кошо алды. «Дүйнөлүк тазалык күнү» алкагында "Керемет Банк" кызматкерлери Максим Горький атындагы сейил бакты жана банктын башкы кеңсесинин тегерегин таштандыдан тазалап чыгышты. Топтолгон таштандыны дароо эле пластик, айнек жана башка таштанды түрлөрүнө сорттоп, бир бөлүгүн кайра иштетүүгө, ал эми калган бөлүгүн – муниципалдык таштанды полигонуна жөнөтүштү.


Кыргызстанда таштанды көйгөйү абдан курч тургандыгын баары байкап келишет, бирок эмнегедир жашоочулардын ири бөлүгү парктарда, сейил бактарда жана коомдук пайдалануу жайларында өз артынан шишелерди, баштык, күн карама данынын чагындысын, кагаз жана башка таштандыларды калтырып кетүү менен  туулган өлкөсүнө таштанды төгүүчү жай катары мамиле кылышат. «Керемет Банк» болсо эко-акция демилгесин колдоого алып, жаратылышка аяр мамиле кылууга, тазалыкты сактоого, ишембиликтерге жана өлкөнү жашылдандырууга катышууга чакырып кетмекчи!

Кыргызстаныбызды сүйөрүбүздү сөз менен гана эмес, иш менен дагы көрсөтө алалы!



close