Жаңылыктар

«Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКы "Керемет Банк" ААКнын акцияларынын ишенимдүүлүгүн «В» категориясына чейин көтөрдү

29 тогуздун айы 2021

«Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын Листинг комитетинин чечими менен "Керемет Банк" ААКнын жөнөкөй акциялары тооруктардын расмий тизмесиндеги (листинг) “С” категориясынан кыйла жогору “В” категориясына чейин (эң жогоркуга чейинкиге) көтөрдү.  2021-жылдын 26-октябрында кабыл алынган андай чечим үчүн негиз болуп, өтүп жаткан жылдын тогуз айы аралыгында иш алып баруусунун жыйынтыгы боюнча "Керемет Банктын" каржылык абалынын көрсөткүчүнүн оңтойлуу динамикасы саналат.

МСФОго ылайык, бир жыл мурда байкалып келген 440,2 млн. сом чыгымга салыштырганда 2021-жылдын сентябрь айынын акырына карата банктын таза пайдасы 64 млн. сомду түзгөн.

«Керемет Банк» Кыргызстандын болжол менен 600гө жакын жаранын иш менен камсыз кылат жана 2021-жылдын аталган мезгили аралыгында өлкө бюджетине 90 млн. 993 миң сом салыктар менен милдеттүү төлөмдөрдү которуп берген ири салык төлөөчүлөр катарын толуктап турат.

«Керемет Банк» Башкармалыгынын Төрагасы Токтогул Рысбек: «Ишкердиктин баардык багыттары боюнча көрсөткүчтүн жакшырышы – бүтүндөй командабыздын биргелешкен жана талбаган эмгегинин үзүрү. Банк өз ишин мындан ары дагы фондулук рынокто акцияларынын наркын өстүрүү жана  жогорку котировкасын камсыз кылуу менен кардарлар, ишкер өнөктөштөр жана акционерлер кызыкчылыгында улантмакчы”, - деп билдирди өз сөзүндө.

Бүгүнкү күнгө карата, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын арасында 8,6 миллиард сом суммасындагы эң ири акционердик капиталга ээлик кылуу менен "Керемет Банк" өлкө рыногундагы туруктуу каржы уюму болуп саналаарын белгилей кетүү абзел. Банк өзүнүн арымдуу өнүгүүсүн улантууну ниеттенип, Кыргызстан рыногунда стратегиялык жактан маанилүү объект катары калууга тилек кылат.

«Керемет Банкта» тейленүүгө алуу маселеси боюнча банктын тейлөөгө алуу түйүндөрүнө, 0(312) 55 44 44 телефону же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp номери аркылуу иш алып барган күнү-түнү иштеген контакт-борборго, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу кайрылууга болот.


close