Жаңылыктар

«Бүткүл дүйнөлүк сактык күнү – 2021». Трендде болгула: заманбап топтогула!

28 тогуздун айы 2021

“Бүткүл дүйнөлүк сактык күнү – 2021” урматына "Керемет Банк" замантап топтоодон пайдаланууну – төлөм картын ачууну сунуш кылат! 

Төлөм карты – бул адбан ыңгайлуу: улуулар үчүн гана эмес, өсүп келе жаткан муун үчүн дагы. Төлөм карттарын кармап туруучу жаш жарандарыбыз акча жана накталай эмес эсептешүүлөр көндүмдөрүн иш жүзүндө аткарышып, карт жана банктык ар кыл шаймандар менен иш алып барууну үйрөнө алышат. СМС-билдирүүнү жана интернет-банкингди кошуп алуу менен алар өз карты боюнча акча кыймылын онлайн ыргагында көзөмөлдөп, эсебинде канча каражат бар экенине ынануу аркылуу билип туруп каражат топтой алышат.

Алгылыктуу ыңгайлуулуктарынын бири, картты жоготуп коюу, акча каражатын жоготуп коюу дегенди билдирбейт, эң башкысы – аны өз учурунда тосмолоп салуу абзел: ал аракетти өз алдынча интернет-банкинг же болбосо банктын күнү-түнү иштеген контакт-борборуна чалуу аркылуу ишке ашыра алышат.

Тандоого Банкта турган тилкеден төлөм картынын үч түрү бар: «Элкарт», VISA же UnionPay International. 14 жаштан жогорку өспүрүмдөр туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүү менен картты өз алдынча ача алышат.  Ал эми 8 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн төлөм картын банкта эсеби бар болгон ата-энелери чыгара алышат, ал учурда кошумча картка чыгымдар боюнча чектөө белгилеп коюуга дагы болот.

Трендде болгула: заманбап топтогула!

Төлөм картын ачуу жана «Керемет Банк» ААКнын башка кызматтаруу тууралуу суроолорду банктын тейлөөгө алуу түйүндөрүнөн, 0(312) 55 44 44 телефону же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp номери аркылуу иш алып барган күнү-түнү иштеген контакт-борборунан тактап алууга болот.


close