Жаңылыктар

«Керемет Банк» ички иштер органдарынын кызматкерлерин «Кыргыз милициясынын күнү» менен куттуктады

1 жетинин айы 2021

«Керемет Банк» ААК  «Кыргыз милициясынын күнүнүн»  97 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери менен ардагерлерин кесиптик майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктады.

Ыраазычылык катка ээ болушуп, эстелик иретиндеги белектер менен сыйланышкан кызматкерлердин бардыгы учурда ишмердүүлүк түрү боюнча банк менен ишинин түрүнө жараша  өз ара иш алып барышууда  же «Керемет Банктын» тутумунда өз кызматтык милдеттерин аткарышууда.

«Керемет Банк» Башкармалыгынын Төрагасы Рысбек Токтогул банкта жалаң гана күжүрмөн, кесипкөй жана өз ишине чындап берилген кызматкерлер эмгектенип келе жаткандыгын баса белгилөө менен, аталган кызматкерлерди өтөп жаткан милдеттери, катаал, бирок маанилүү эмгектери үчүн куттуктап өттү.

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери – өз ишине чындап берилген, өзгөчө ой-туюму бар, коопсуздук, тартип, ар-намыс  үчүн керек болсо майрам жана дем алыш күндөрү да күндөп-түндөп кызмат кылып келе жаткан адамдар, ишиңиздерди ар дайым ийгилик жылоолосун жана өмүрүңүздөр бир гана жакшылыктар менен коштолсун!



close