Жаңылыктар

АКЦИЯ! «Керемет Банк» башка менчикти пайдалуу шарттарда сатат

2 жетинин айы 2021

«Керемет Банк» ААК 20%дык арзандатылган шартта жана үч жылдан беш жылга чейин узартып төлөө мөөнөтү менен өздүк баланста турган башка менчикти сатыкка чыгарат.

Акция 2018-жылдын 18-октябрына чейин баланска кабыл алынган объектилерге карата төмөнкү шарттарда жайылтылат:

  • сатып алынуучу нарк 100% төлөнгөн учурларда сатыкка чыгарылып жаткан башка менчикке 20% арзандатуу берилет;
  • сатып алынуучу нарк 75% өлчөмүндө төлөнгөн учурларда сатыкка чыгарылып жаткан башка менчикке 15% арзандатуу берилет (калган сатып алынуучу суммага 3 жылга чейин пайызсыз төлөм шарты менен узартып төлөө мүмкүнчүлүгү каралган, 3 жылдан 5 жылга чейин – КРУБдун эсептик ченине барабар пайыздар колдонулат);
  • сатып алынуучу нарк 50% өлчөмүндө төлөнгөн учурларда сатыкка чыгарылып жаткан башка менчикке 10% арзандатуу берилет (калган сатып алынуучу суммага 3 жылга чейин пайызсыз төлөм шарты менен узартып төлөө мүмкүнчүлүгү каралган, 3 жылдан 5 жылга чейин – КРУБдун эсептик ченине барабар пайыздар колдонулат);
  • жеке, юридикалык жактар жана жеке ишкерлер атайын сунуштардан пайдалана алышат. Кайтарым түрүндөгү сатып алуу укугу берилген сатып алуучуларга акция жайылтылбайт.

Акция 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып 2022-жылдын 1-ноябрына чейин улантылат.

Кызыкдар тараптардын бардыгына төмөнкү шилтеме аркылуу банк тарабынан сатылып жаткан объектилердин тизмесин карап чыгууну сунуштайбыз.

Кыймылсыз мүлктү сатып алуу тууралуу бардык маселелер боюнча + 996 (312) 31 31 73 (кошумча 2299) + 996 (559/770) 775 455 телефондору аркылуу  «Керемет Банк» ААКнын Мүлк менен иш алып баруу бөлүмүнөн сурап билүүгө, ошондой эле социалдык тармактар жана банктын корпоративдик сайтындагы чат  аркылуу кайрылууга болот.


close