Жаңылыктар

"Керемет Банк" ААКнын тейлөө жайларынын майрам күндөрүндөгү иш ыргагы

5 жетинин айы 2021

Урматтуу "Керемет Банк" ААКнын кардарлары жана өнөктөштөрү! 

Алдыда узакка созулган майрам күндөр турат: 2021-жылдын 7-ноябрь күнү өлкөдө Тарых күнү белгиленсе, 2021-жылдын 8-ноябры Бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Колдонуудагы мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 7-ноябрь күнү жекшемби күнгө туура келип калгандыгына байланыштуу, майрамдан кийинки жумуш күнү да эс алуу күнү катары белгиленет, демек, 2021-жылдын 9-ноябры дем алыш күн болуп саналат.

Алдыда турган мамлекеттик майрамдардан улам,  "Керемет Банк" ААКнын тейлөө жайларынын майрам күндөрүндөгү иш ыргагы тууралуу маалымат беребиз:

2021-жылдын 6, 7, 8, 9-ноябрь күндөрү жумуш эмес күндөр болуп саналат, төмөнкүлөрдү эске албаганда:

  • 2021-жылдын 6-ноябры (ишемби–  алты күндүк иш ырааты менен иштеген бөлүмдөрдө жумуш күн;
  • 2021-жылдын 7-ноябры (жекшемби– дем алышсыз иштеген соода-сатык түйүндөрүндө жумуш күн.

"Керемет Банк" ААКнын Контакт-борбору 24/7 ыргагында иш алып барат жана (0 312) 55 44 44 телефон номери же (0 557) 55 44 44 WhatsApp номери аркылуу жеткиликтүү.



close