Жаңылыктар

Турак жай сатып алуу үчүн жеңилдетилген «Социалдык ипотека - 2021» программасы ийгиликтүү түрдө аягына чыкты

11 жетинин айы 2021

«Социалдык ипотека» программасы «Керемет Банкта» 2019-жылдын май айынан тартып, эки жарым жылдан бери аракеттенүүдө. Ал, билим берүү, медициналык, социалдык, спорттук, маданий, ошондой эле күч органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, салык, бажы органдары жана башка социалдык чөйрөлөр сыяктуу бюджеттик тармактардын жумушчулары үчүн атайы каралган социалдык-маанилүү болгон турак-жай долбоору.

2021-жылдын аралыгында “Социалдык ипотека” өлкөнүн баардык аймактарында 8,5 пайыздык ченден тартып 10,5 пайыздык чен аралыгында 15 жылдык мөөнөткө берилип келген.

  • Бүгүнкү күнү берилген насыяларды жана кароого берилген билдирмелерди эске алуу менен “Социалдык ипотека-2021“ долбоору өлкөнүн баардык аймактарында соңуна чыгып жатат.

"Керемет Банктын" кызматтары тууралуу кенен маалыматты тейлөөгө алуу кеңселеринен, (0312) 55 44 44 телефон номерине чалып же (0557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp аркылуу жазуу менен Банктын күнү-түнү иштеген Контакт-борборунан  тактап алууга болот.


close