Жаңылыктар

«Керемет Банктын» коопсуздук кызматынын жумушчулары ар дайым өзгөчө кырдаалдарда биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө даяр

24 жетинин айы 2021

«Керемет Банктын» коопсуздук кызматынын жумушчулары медициналык курстардан өтүшүп, өзгөчө кырдаалдарда, мисалы жаракат алууларда, кансыроолордо, дем алуунун токтоп же жүрөктүн какпай калуусунда, инсультта, жүрөк пристубунда, эпилепсияда жана башка учурларда дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча базалык билимге ээ болушту.

Банкта Коопсуздук кызматынын жумушчуларынын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле банктын аймагындагы күтүлбөгөн кырдаалдардын кесепеттери менен байланышкан тобокелдиктерди азайтууга мүмкүнчүлүк берүүчү көндүмдөрдү жакшыртуу боюнча системдик ыкмалар тажрыйбаланып турат.

Коопсуздук кызматкерлерин окутуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, КР Билим берүү министрлиги, КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген  биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык КРдагы Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун квалификациялуу кызматкерлери тарабынан уюштурулган. Окутуу иштери аяктагандан кийин банктан барган бардык катышуучулар квалификациялык экзамендерди ийгиликтүү тапшырышып, эл аралык үлгүдөгү сертификат алышты. Аталган сертификат квалификациялуу медициналык кызматкерлер келгиче жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүүгө укук берет.

«Керемет Банктын» контакт-борбору күнү-түнү иш алып барат жана төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышууга болот: (0312) 55 44 44, (0557) 55 44 44 - WhatsApp жана расмий сайттагы чат аркылуу.


close