Жаңылыктар

АКЦИЯ: Колдонулган буюмдарды топтоодо Tazar тиркемесин колдонуңуз жана «Керемет Банктын» сыйлыгына ээ болуңуз

30 жетинин айы 2021

«Керемет Банк» алдыда боло турчу өзүнүн 11 жылдыгына карата “Tazar”  компаниясы менен биргеликте «Шаарыбыздын экологиясы өз колубузда» аталышындагы биргелешкен акция өткөрө тургандыгын белгилейт.

Tazar компаниясы менен «Керемет Банктын» баалуулуктары бири-бирине дал келет – бул өлкөнүн тазалыгы жөнүндөгү кыргызстандыктардын экологиялык ой-жорусун калыптандыруу. Биргелешкен демилгеге ылайык борбор шаарды колдонулган жана көчөлөргө калтырылган буюмдардан арылтууну өз милдетим деп эсептеген жоопкерчиликтүү тургундар жыйнаган желимдерди, металлдарды, айнек идиштерди жана кагаздарды кайра иштетүү үчүн “Tazar” компаниясына жөн гана өткөрбөстөн ошол эле учурда «Керемет Банктын» сыйлыктарына ээ болушарын белгилей кетмекчибиз.

Эгерде, сиз Кыргыз Республикасынын жараны жана жашы 18ге толгон Бишкек шаарынын тургуну болсоңуз, анда аталган акцияга катышуу максатында топтогон, колдонуудан чыккан  буюмдарды   “Tazar”  компаниясына өткөрүп берип, Tazar  App уюлдук тирмекесинде тиешелүү балл топтой баштаңыз – 1 кг  колдонулган буюм 1 баллга барабар.

Топтолгон 10, 20, 30 жана 70 балл биринчи 34 жигердүү пайдалануучуга аталган баллдарды  «Керемет Банкка» өткөрүп, ал үчүн сыйлык алууга толук кепилденген укук берет:

  • 10 балл – бул 1000 сом пайдалуу балансы бар «Элкарт» төлөм картасын + эко-баштыкчасын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү 1 сертификат (11 позиция);
  • 20 балл – бул 1000 сом пайдалуу балансы бар UnionPay Gold  төлөм картасын + эко-баштыкчасын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү 1 сертификат (11 позиция);
  • 30 балл – бул 1000 сом пайдалуу балансы бар Visa Gold төлөм картасын + эко-баштыкчасын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү 1 сертификат (11 позиция);
  • 70 балл – бул 11 000 сом пайдалуу балансы бар UnionPay Diamond Asia Prestige төлөм картасын + эко-баштыкчасын чыгарууга мүмкүнчүлүк берүүчү 1 сертификат (1 позиция);

Топтолгон баллды сыйлыкка алмаштыруу үчүн паспорт менен саат 09:00 дөн тартып 17:00 гө чейин төмөнкү дарек боюнча "Керемет Банкка" келүү зарыл: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көч, 40/4. Акциянын алкагында белек кылынуучу төлөм карталары оң баланс менен жеңилдетилген шарттарда чыгарылат, башкача айтканда милдеттүү камсыздандыруу депозити  жана тейлөө кызматы үчүн акы алынбайт.

Акция өткөрүү мезгили ичинде, тагыраак айтканда 2021-жылдын 1-декабрынан тартып 2022-жылдын 1-апрелине чейин  ар бир жеңүүчү банктын бир сыйлыгына ээ боло алат. Сыйлыктардын белгиленген санына байланыштуу акция белгиленген мөөнөтүнөн мурда аякташы ыктымал. «Керемет Банктын» жана Tazar компаниясынын жумушчулары, ошондой эле аффилирленген адамдар акцияга катыша алышпайт

Акциянын шарттары тууралуу бул шилтеме аркылуу кирип, ошондой эле (0312) 55 44 44 номуру аркылуу чалып же (0557) 55 44 (W/A)номуруна жазып кененирээк маалымат алууга болот.

 

 

close