«Керемет Банк» 2022-2023-жылдар аралыгына көз карандысыз баалоочу компанияларды аккредитациядан өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну жарыялайт
Күрөөлүк мүлктү сапаттуу баалоо жана берилип жаткан насыянын суммасы тууралуу чечим кабыл алуучу үчүн "Керемет Банк" көз карандысыз баалоочу компаниялардын жана жеке-баалоочу ишкерлердин корутундуларын пайдаланат. Ушундан улам, Банк тиешелүү иш тажрыйбасы жана квалификациясы болгон баалоочу компанияларын жана жеке ишкерлерди кызматташууга чакырат.
- Аккредитацияга билдирмелер, ал күндү кошо алганда, 2021-жылдын 31-декабрына чейин кабыл алынат.
Баалоочунун "Керемет Банк" талаптарына шайкеш келүүсү, ошондой эле аккредитиция үчүн зарыл болгон документтер Банктын сайтында жайгаштырылган.
Кошумча суроолор келип чыккан учурда күнү-түнү иштеген Контакт-борборго (0 312) 55 44 44 телефону, ошондой эле (0 557) 55 44 44 WhatsApp номери аркылуу кайрылууга болот.