Жаңылыктар

«Керемет Банк» Кыргызстанда «Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү - 2021» жыйынтыгын өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иш-чарасына катышты

10 бештин айы 2021

Жыл сайын «Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнө» карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Германиянын Сактык кассаларынын фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, ошондой эле өлкөбүздүн финансылык секторунун өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатышкан коммерциялык банктар,  эл аралык жана жергиликтүү уюмдар менен биргеликте майрамдык иш-чараларды уюштуруп келет. Бул жылы Кыргызстанда «Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү» жетинчи ирет өткөрүлдү. Эл аралык кыймылдын башкы максаты – бул финансылык абалдары тууралуу бүгүнтөн баштап ойлонууга мажбурлоо менен жаштарыбызыдын финансылык сабатын жогорулатуу жана үнөмдөө, инвестирлөө маданиятын калыптандыруу болуп саналат.    

Маалымат катары:

Дүйнө жүзүндө бул майрам жыл сайын 31-октябрда өткөрүлөт жана 1924-жылы башталган. Ага  Миланда (Италия) чогулган 29 өлкөнүн сактык кассаларынын өкүлдөрүнүн Биринчи интернационалдык мүнөздөгү адистештирилген конгресси себеп болгон. Башкача айтканда, мына ушул жолугушуу учурунда алар «Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүн» уюштуруу тууралуу чечим кабыл алышкан. Ошондон тартып аталган майрамдын географиясы жана популярдуулугу жыл сайын кеңейип келе жатат. Учурда  аны дүйнө жүзүнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасында дагы белгилешет.

Үстүбүздөгү жылы КРУБдун жетекчилиги алдында республикабызда төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлгөн: 39 экскурсия жана ачык эшиктер күнү, 59 семинар жана тренинг, ЖОЖдордо 20 лекция, 30 мектеп жана санариптик сабак, ошондой эле 20 кароо-сынак, интерактивдүү оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары. КРУБдун статистикасы боюнча 2021-жылы өлкөбүздүн үч миллиондон ашык тургуну аталган масштабдуу финансылык кампания тууралуу кабардар болушкан, алардын ичинен 4 000 адам аталган иш-чараларга түздөн-түз катышкан.

«Керемет Банк» Кыргызстандагы финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча кыймылдын жигердүү катышуучусу катары бул багытта бир катар иш-чараларды өткөргөн жана ага мектеп окуучулары, студенттер менен катар кызыкдар болгон адамдардын бардыгы тартылган.

close