Жаңылыктар

«Керемет Банктын» 11 жылдыгына арналган «Аманат ачып – белек ал!» майрамдык акциясынын жеңүүчүлөрү аныкталды

15 бештин айы 2021

«Керемет Банк» жакынкы күндөрү өзүнүн он биринчи туулган күнүн өткөрөт жана мына ошол салтанаттуу күнгө чейин банк «Аманат ачып – белек ал!» майрамдык акциясын жыйынтыктап, жеңүүчүлөрдү аныктап алды.

Акция жүрүп жаткан мезгил ичинде, тагыраак айтканда 2021-жылдын 1-ноябрынан тартып 12-декабрына чейин 12 айга жана андан көп убакыт аралыгына 10 000 сомдон тартып андан көп суммадагы аманат салган  «Керемет Банктын» алгачкы 11 аманатчысы банк тарабынан даярдалган белектерге - Mijia Pure Smart Humidifier аталыштагы (1де – 2ки ) аба-тазалагычтарга ээ болушту.

«Аманат ачып – белек ал!» акциясынын жүрүшүндө айрыкча региондогу кардарлар өзгөчө жигердүүлүк көрсөтүшүп, өз белектерине ээ болушту. Мисалы, Бишкек шаарынын эки филиалынын кардарларына беш аба-нымдооч тапшырылса, ал эми калгандары төмөнкү даректерге жөнөтүлдү: Таласка – 2 белек, Караколго – 1 белек, Кара-Балтага – 2 белек, Ала-Букага – 1.

Маалымат катары: «Керемет Банк» ААК өнүккөн региондук тармактуу, банктык жабдуулардын эң кеңири инфраструктураларынан турган жана рыноктун бардык сегменттери үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин камтыган универсалдуу финансылык институт болуп саналат. Өткөрүлгөн ребрендингдердин жыйынтыгында аталышын эки ирет алмаштырган банктын баштапкы каттоодон өткөн күнү – 2010-жылдын 20-декабры. Республиканын бардык региондорундагы корпоративдик жана чекене кардарлардын көп миңдеген кардардык базасын тейлөө менен банк учурда эл аралык стандарттар боюнча иш алып барууда. Белгилей кетчү нерсе, банк өз кардарларына ар дайым оперативдүү, так жана жекече сый мамиле жасайт.

Өткөрүлүп жаткан акциялар жана банк кызматтары жөнүндө маалыматтарды тейлөө түйүндөрүнөн,  күнү-түнү иштөөчү контакт-борборлордон же социалдык тармактардан сурап билүүгө болот: 0(312) 55 44 44 же 0 557) 55 44 44 – WhatsApp.

«Керемет Банк» – БАНК ВОЗМОЖНОСТЕЙ! «Керемет Банк» – ИЙГИЛИККЕ САПАРЛАШ!

close