Жаңылыктар

Бүгүн "Керемет Банкка" 11 жыл болду!

20 бештин айы 2021

2010-жылдын 20-декабрында банк алгач ирет каттоодон өткөн жана бүгүн бизге 11 жыл болду. Мына ушул он бир жыл ичиндеги үзгүлтүксүз иштин жүрүшүндө банк өз атын эки ирет өзгөрткөн. Бирок, ал банктын ишмердүүлүгүнө эч кандай тескери таасир эткен эмес, себеби алгачкы күндөрдөн тартып эле банкта өз ишин мыкты билген адистер эмгектенип келишет.

Колдоо көрсөтүп келе жатышкандыктары, ишеним артышкандыктары үчүн, биз  «Керемет Банкка» катыштыгы бар бардык кардарларыбызга, өнөктөштөрүбүзгө жана акционерлерибизге терең ыраазычылык билдиребиз, ал эми сүйүүктү банкыбызга өсүп-өнүгүүлөрдү, кызыктуу долбоорлорду жана арты-артынан келген  жеңиштерди каалайбыз!

ТУУЛГАН КҮНҮҢ КУТТУУ БОЛСУН, биздин сүйүктүү «Керемет Банк»!

close