Жаңылыктар

VISA Inc.: «Керемет Банк» биринчи болуп Кыргызстанда контактсыз банкоматтарды ишке киргизди

10 үчтүн айы 2022

Эл аралык Visa Inc төлөм системасы эң көрүнүктүү өнөктөштөрдү бөлүп көрсөтүү менен  2021-жылдын жыйынтыгын чыгарды. «Керемет Банк» АТМ/банкоматтар тармагындагы контактсыз жер үстүндөгү эквайрингди ишке киргизген алгачкы Банк катары көрсөтүлгөн (First contactless ATM acquiring launch in Kyrgyzstan). VISA – бул глобалдык төлөм системасы жана ал карта ээлерине дүйнөнүн 200дөн ашык өлкөлөрүндө коопсуз электрондук төлөм тармагына кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.

NFC (Near Field Communication) – аны терминалга салбастан, 10 см. аралыкта кармоо менен соода-сервистик ишканаларда банктык карттар менен эсептешүүгө мүмкүндүк берген контактсыз төлөмдөр технологиясы. Ал учурда карттын номери тууралуу маалыматтар шифрленген нукта окулуп, башка жактарга берилбейт. Контактсыз технология картты колдон чыгарбастан акча каражаттарын накталай алууга же төлөмдөрдү тез жана ыңгайлуу түрдө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Керемет Банк» өз өндүрүмдөрүн санариптештирүүгө багыт алган жана контактсыз карттарды тейлөө үчүн заманбап инфраструктураны түзүү өлкөдөгү банктык системанын натыйжалуу өнүгүүсү үчүн зарыл болгон негизги факторлордун бири болуп саналат. Ошол себептүү  «Керемет Банк» Кыргызстандагы коммерциялык банктардын ичинен биринчилерден болуп NFC технологиясынын базасында иштей турган контактсыз банкоматтарды пайдаланууга берүүдө. Азыркы учурда «Керемет Банк» тарабынан контактсыз NFC-ридерлерди активдештирүү жана алар менен мурда сатылып алынган жана учурдагы бардык банкоматтарды жабдуу боюнча иштер өткөрүлүүдө, бул жалпы жолунан алганда республикасынын бардык региондору боюнча 250 АТМдан ашык.

Бир сөз менен айтканда, «Керемет Банк» контактсыз төлөм карттарын чыгаруу боюнча өлкөдөгү лидерлердин бири болуп саналат банк тарабынан учурда чыгарылып жаткан баардык карттар NFC технологиясы менен жабдылган. «Керемет Банктагы» тейлөө маселелери боюнча төмөнкү телефондор аркылуу күнү-түнү иштөөчү контакт-борборго кайрылууга болот: (0 312) 55 44 44, WhatsApp - (0 557) 55 44 44 жана сайттагы кайтарым байланыш формасы аркылуу.

close