Жаңылыктар

«Керемет Банк» POS-терминал функциялуу кассалык машиналарды бизнесмендерге акысыз берет

11 үчтүн айы 2022

Жагымдуу салыктык климатты түзүү жана бизнес жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылы жылдык жүгүртүүсү 8 миллионду түзгөн, ошондой эле маалыматтарды  салык органдарына онлайн-жөнөтүү үчүн өз ишинде контролдук-кассалык машиналарды пайдалануучу ишкерлерди салыктан бошотууну сунуштоодо.

«Керемет Банк» коммерциялык банктардын ичинен биринчи болуп Кыргызстанга сертификацияланган гибриддүү түзүлүштөрдү алып келген. Белгилей кетүүчү нерсе,  алар ККМлардын ишин POS-терминалдын толук кандуу функциялары менен айкалыштырат. ККМ-модуль жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндөгү маалыматтарды Мамлекеттик салык кызматына Онлайн-режиминде жөнөтүп турууга, ал эми POS-терминалдын жүзөгө ашырылган функциясы «Элкарт», VISA жана UPI карттарынын жардамы менен көрсөтүлгөн кызматтар жана товарлар үчүн накталай акчасыз төлөм кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Керемет Банк» баардык кызыкдар ишкерлерди бул өңдүү гибриддүү түзүлүштөрдү АКЫСЫЗ алууга чакырат.

ККМны соода түйүндөрү, дарыканалар, авиакассалар, МКБ, интернет-дүкөндөр жана калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүп жатышкан башка субъектилер пайдалана алышат. Аталган түзүлүштү орноткондон кийин баардык фискалдык маалыматтар бирдиктүү борбордо чогултулаары жана мунун өзү салык кызматынын ишкерлер менен болгон өз ара аракеттерин жөнөкөйлөштүрүп, бирдиктүү системага алып келээри күтүлүүдө.

Ишмердүүлүктүн тигил же бул түрүнө колдонулуучу аппараттын түрүн аныктоо жана пайдалануу эрежелери жана тартиби боюнча кеңири маалымат алуу  үчүн жергиликтүү салык органдарына кайрылууга болот.

Ал эми гибридүү түзүлүштөрдү бекер алуу тууралуу (0312) 55 44 44 телефон номуру аркылуу  «Керемет Банктын» контакт-борборуна чалып же WhatsApp - (0 557) 55 44 44 номуруна жазып, же сайттагы кайтарым байланышы аркылуу кеңири маалымат алууга болот.

close