Жаңылыктар

2022-жылдын 20-январына караган түнү пландалган техникалык иштер тууралуу эскертүү

19 үчтүн айы 2022

Урматтуу кардарлар!

"Банк аралык процессингдик борбор" (БПБ) ЖАК тармагында пландалган техникалык иштер өткөрүлө тургандыгына байланыштуу 2022-жылдын 20-январына караган түнү саат 04:00дөн 05:00гө чейин улуттук «ЭЛКАРТ» менен «МИР» (баардык перифериялык түзүлүштөр менен sms-билдирүүлөрдү кошкондо) төлөм системасындагы тейлөө иштери менен байланышкан кызматтар иштебейт. Ал эми UnionPay жана Visa төлөм системалары штаттык режимде иштешет.

Пландалган операцияларыңыздарды күн мурда жүзөгө ашырууңуздарды өтүнөбүз жана жаралган кырдаалды түшүнүү менен кабыл алат деп ишенебиз. Бул боюнча кандайдыр бир суроолор жаралган учурларда төмөнкү байланыш номурлары аркылуу «Керемет Банктын» контак-борборуна кайрылсаңыздар болот: (0312) 55 44 44, (0557) 55 44 44 (W/A) же сайттагы кайтарым байланыш формасы аркылуу.

close