Жаңылыктар

Аралыктан туруп "Керемет Банкта" аманатты тариздеп, андан пайыздарды алууга мүмкүн экендигин билдиңиз беле?

24 үчтүн айы 2022

Компьютер же телефон аркылуу коммуналдык кызматтарга төлөө, уюлдук телефондун балансын толуктоо, аралыктан туруп эсепке акча которуу же андан акча алуу – ушунун баардыгы, дистанттык банктык тейлөө тутумунун артынан биздин айкындуулугубузга айланып калган. 

Ошондой эле, "Керемет Банктын" кардарлары банкка келбестен, интернет-банкиг же мобилдик тиркеменин жардамы менен  “онлайн” ыргагында аманаттарды өз алдынча ача алышат. Ал үчүн аманатчынын "Керемет Банкта" колдонууда турган эсептешүү эсебинин жана карт эсебинин, ошондой эле кошулуп турган интернет-банкингинин болуусу жетиштүү. Бүтүндөй жүрүм бир нече гана мүнөттү алат жана кагаз жүзүндө документтерди тариздөөнү талап кылбайт.

Аманатты аралыктан ачуу үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл болот:

  • “АМАНАТ АЧУУ” опциясын тандоо (интернет-банкингдин “АРАКЕТТЕР” бөлүгүндө);
  • Сунуш кылынган аманаттар тилкесинен зарыл болгонун тандап алуу: «Мөөнөттүү аманат», «Капитализациялоосу менен топтоо» жана «Капитализациялоосуз топтоо»;
  • Келип чыккан тизмедеги тиешелүү тилкелерди толтуруу: аманаттын валютасын, пайыздык чени менен мөөнөтүн, эсепке алып салуу эсебин (карт же эсептешүү) жана суммасын;
  • Банктын аманат келишиминин шарттарына макулдугун билдирүү;
  • Киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү («МААЛЫМАТТАРДЫ ТЕКШЕРҮҮ»);
  • Форманын тилкесине кардардын номерине жөнөтүлгөн бир ирет берилүүчү SMS-кодду терүү;
  • “АМАНАТТЫ АЧУУ” баскычын активдештирүү, ошондон соң операция толугу менен таризделген болот.

Аманатты ушул эле нукта: мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу онлайн толуктап туруу мүмкүнчүлүгү дагы ыңгайлуулукту сунуштайт. Эгерде эсептеги сумма жетишсиз болуп калса, анда төлөм терминалынын жардамы менен картка, ал эми андан – аманаттын эсебине которууну ишке ашырууга, же болбосо "Керемет Банктын" банкоматынын накталай акча кабыл алуу функциясын колдонууга, же касса аркылуу акча каражаттарын салууга болот.

"Керемет Банк" менен биргеликте үйдөн чыкпастан туруп аманаттарды аралыктан туруп ачыңыз, өз каржыңызды онлайн башкарыңыз жана пайыздарынан пайда табыңыз!

Кенен консультацияны банктын контакт-борборуна 0312 55 44 44 телефону аркылуу чалып же 0557 55 44 44 (WhatsApp) номерине жазып, ошондой эле сайттагы кайтарым байланыш формасы аркылуу алууга болот.

close