Жаңылыктар

«Социалдык ипотеканын» негизинде кыргызстандык 1600 үй-бүлө жеңилдетилген шартта өз турак жайына ээ болушту

4 бирдин айы 2022

«Социалдык ипотека» турак жай программасы «Керемет Банкта» эки жарым жыл, тагыраак айтканда 2019-жылдын май айынан тартып 2021-жылдын декабрына чейин аракетте болду. Аталган ипотекалык программанын негизинде жеңилдетилген шартта же рыноктогудан төмөнкү чен менен, жалпы жолунан алганда, бюджеттик кызматкерлердин ичинен 1 600 үй-бүлө турак жай сатып алуу менен байланышкан көйгөйлөрүн чечип алышкан. Бул максаттар үчүн 2,3 млрд. сомдон ашык каржы каражаттары караштырылган жана бөлүнгөн насыялардын дээрлик жарымынан көбү өлкөбүздүн аймактарына туура келген.

Өз кезегинде «Социалдык ипотека» банктын жеке демилегиси боюнча бюджеттик чөйрөдө эмгектенип жатышкан кызматкерлерди колдоо максатында социалдык долбоор катары ишке киргизилген жана «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» (МИК) эсебинен эмес, банк тарабынан тартылган жеке каражаттардын эсебинен каржыланып келген. Ошондой эле МИК жана «Керемет Банк» - бул таптакыр эки башка структура экендигин жана алардын бири-бири менен эч кандай байланышы жок экендигин белгилей кетүү абзел.

Эгерде кайсы бир карыз алуучу насыяларды төлөө боюнча кандайдыр бир кыйынчылыктарга туш болсо, банк мындай кардарга түшүнүү менен мамиле жасайт жана алган насыясын реструктуризациялоо жана карызды жабуунун жекече графигин сунуштайт. 

Консультация алуу үчүн  (0 312) 55 44 44 же  (0 557) 55 44 44 - WhatsApp телефондору, сайттагы кайтарып байланыш аркылуу же  call-center@kermetbank.kg. электрондук дарек боюнча «Керемет Банктын» контакт-борборуна кайрылуу зарыл.

close