Жаңылыктар

"Керемет Банктын" VISA карталары стандарттык режимде иштейт

12 жалган куран 2022

Урматтуу кардарлар!

Киргизилген санкцияларга байланыштуу VISA «Керемет Банк» төлөм карталары Россия Федерациясынан башка дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө стандарттык режимде иштеп жатат.

Бул РФ аймагында төмөнкүдөй операциялар жүзөгө ашпайт дегенди билдирет:

  • банкоматтагы акча каражаттарын накталай алуу
  •  товарлар жана кызматтар үчүн POS-терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүү
  • Россия Федерациясынын интернет-сайттарындагы онлайн-сатып алуулар

Банкыбыздын Россиянын аймагында жүрүшкөн жана VISA карталарынын кармоочулары үчүн Интернет/Мобилдик-Банкинг аркылуу акча каражаттарын РФ аймагындагы башка төлөм системасындагы карталарга которуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Россияга барууну пландаштырып жаткан кардарларга контактсыз ЭЛКАРТ картасын же Union Pay Int төлөм системасындагы карталарды алдын ала чыгарып алууну сунуштайбыз.

Бардык маселелер боюнча төмөнкү телефондор аркылуу  «Керемет Банк» ААКнын контакт-борборуна кайрылыңыздар: (0 312) 55 44 44, WhatsApp - (0 557) 55 44 44 же сайттагы кайтарып байланыш формасы аркылуу сурап билиңиздер.


close