Жаңылыктар

Global Money Week - 2022: «Керемет Банк» ААК жыйынтык чыгарууда

13 чын куран 2022

Апрель айынын башында дүйнө жүзү боюнча «Дүйнөлүк акча жумалыгы» белгиленди. Бул багытта Улуттук банктын колдоосу астында республиканын бардык финансы-кредиттик мекемелери  жаштар үчүн ар кандай окуу иш-чараларын өткөрүштү.

«Керемет Банк» ААК өлкө жана банктык чөйрө үчүн маанилүү делген билим берүүчү долбоорлорду колдоого алуу менен бул багытта өткөрүлгөн бардык иш-чараларга активдүү катышып келет.

«Дүйнөлүк акча жумалыгынын» (Global Money Week) алкагында «Керемет Банк» ААК Бишкек финансылык колледжи менен Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенттери үчүн эшигин кенен ачса, банктын түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери экскурсанттарды заманбап банктык кызмат көрсөтүүлөр жана технологиялар менен тааныштырышты. Экскурсиянын жүрүшүндө коноктор банк дүйнөсүнө сүңгүп кирип, төлөм карталарынын түрлөрү, накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары жана заманбап банктык өндүрүмдөр менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Ошондой эле студенттерди банкоматтардын иш өзгөчөлүктөрү дагы кайдыгер калтырган жок.

Белгилей кетчү нерсе, «Керемет Банк» ААКсы окуу мекемелери менен баарлашуунун мындай формасын буга чейин эле, тагыраак айтканда  «Дүйнөлүк акча жумалыгына» чейин эле өткөрүп келе жатат. Келечекте Банк тарабынан дагы далай кызыктуу иш-чаралар  өткөрмөкчү.

 

close