Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 30 жылдыгына арналган майрамдык жарыш

17 бугу 2022

2022-жылдын 15-майында “Ынтымак” жана “Адинай” сейилбактарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 30 жылдыгына арналган майрамдык жарыш уюштурулган. Аталган жарыш Улуттук банк тарабынан уюштурулуп, ага Бишкек шаарынын мэриясы колдоо көрсөткөн. Аталган иш-чараны Улуттук банктын төрагасы Бөкөнтаев Кубанычбек ачып, бул жарышка активдүү катышкан бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Майрамдык жарыш иш-чараларынын катышуучуларынын арасындагы таймаш жаш курак категориясына ылайык өткөрүлгөн: 45 жашка чейинкилер 6 км, ошондой эле 45 жаштан жогоркулар 3 км. Мындан сырткары эркектер жана аялдар командалары үчүн төрт баскычтан турган  эстафеталык жарыш өткөрүлгөн. Бул жарышка Улуттук банктын, туунду ишканалардын, коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын кызматкерлеринин ичинен 600дөн ашык адам катышкан.

«Керемет Банктын» кызматкерлери аталган жарышта активдүүлүк көргөзүү менен сыйлуу орундарды багындырышып, КР Улуттук банкынын эстелик белектери менен сыйланышкан.

«Керемет Банктын» кызматкери – кесиптешибиз Айдарканова Гүлсийнаны 3 км аралыкка созулган жарышта багындырган 1-оруну менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!


close