Жаңылыктар

«Керемет Банк» улуттук валюта күнүн белгиледи

18 бугу 2022

2022-жылдын 10-майында Кыргыз СОМУНА 29 жыл толду. Дал мына ушул күнү республикада «Банк кызматкерлеринин күнү» белгиленет. Жетекчилик «Керемет Банк» ААКнын кызматкерлери үчүн 13-май күнү Банк кызматкерлеринин күнүнө арналган майрамдык иш-чара уюштурулуп, өткөрдү. Банктын ар бир кызматкеринин баалуулугу анын профессионалдуулугунда, бул Банкка банк рыногунда алдыңкы позициялардын бирин сактап калууга мүмкүндүк берет. Майрамдык иш-чарада өз ишин мыкты билген Банк кызматкерлери жетекчиликтин ыраазычылык каттары, ардак грамоталар жана сыйлуу белектер менен сыйланышкандыгын белгилей кетүү абзел. Кызматкерлердин кошкон салымы жана катышуусу ар бир кызматкер кол койгон түрдүү пазлдардан куралган банктын логотибинде чагылдырылган.

close