Жаңылыктар

«Керемет Банкта» пландуу техникалык иштер өткөрүлөт

23 бугу 2022

«Керемет Банк» ААК 2022-жылдын 23-майында саат 20:00дөн 23:00гө чейин Банк тарапта пландуу техникалык иштер өткөрүлө тургандыгын маалымдайт.

  • Ушуга байланыштуу банкоматтар, төлөм терминалдары жана POS-терминалдар тармагы банк кардарлары менен бирге «Элкарт», «МИР» локалдык карталарынын, ошондой эле  VISA жана UPI эл аралык төлөм системаларынын ээлерин тейлөөнү убактылуу токтотот.

Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана пландалган операцияларды мүмкүн болушунча эрте жүзөгө ашырууңуздарды өтүнөбүз.

Суроолор боюнча төмөнкү телефондор аркылуу «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иштөөчү контакт борборуна же сайттагы кайтарым байланыш формасы аркылуу сурап-билүүгө болот:  (0 312) 55 44 44, WhatsApp - (0 557) 55 44 44.

close