Жаңылыктар

БИЗНЕСТИ КОЛДООГО “КЕРЕМЕТ БАНК” ААКдан ПАЙЫЗСЫЗ НАСЫЯЛАР

20 кулжа 2022

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин «Кичи-, чакан   жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында «Керемет Банк» ААК  «ОЧБны колдоо» пайызсыз насыя сунуштайт.

Долбоордун максаты болуп пандемиянын кесепетинен улам келип чыккан кризистен чыгуу үчүн кичи-, чакан жана орто ишканаларга (КЧОИ) колдоо көрсөтүү саналат.

  • Долбоор айыл чарбасынан сырткары ишкердик ишти колдоого алат жана каржылайт.
  • Каржылык жардам пайызсыз кайтарымдар шартында сом менен берилет.  

НАСЫЯНЫН МАКСАТТУУ БАГЫТЫ:

1) Операциялык айланма капитал (ишкердик иштин иштеши/калыбына келүүсү үчүн чийки зат, материалдар, запастар, товарлар жана башка ресурстар);

2)  Операциялык чыгымдар:

  • эмгек акы менен байланышкан чыгымдар;
  • жабдуучулардан счёт-фактура;
  • ижара акысы боюнча чыгымдар;
  • коммуналдык кызматтар (интернет менен бирге) менен байланышкан чыгымдар.

Карыз алынган каражаттардын башка максаттарга пайдаланылышына жол берилбейт.

   КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМДЫ КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?

Долбоордун катышуучулары салык жана камсыздандыруу взностору боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу маалымат берүүгө, ошондой эле эки категориядан турган төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш:

   1-категория

КРнын Салык мыйзамдарына ылайык иштеген жана жылдык кирешеси 8 млн. сомдон ашык сумманы түзгөн жеке ишкерлер

  • Каржылык жардамдын суммасы: 250 000 сом
  • Каржылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 18 ай.

    2-категория

КРнын Салык мыйзамдарына ылайык иштеген жана жылдык кирешеси 30 млн. сомдон ашпаган жеке ишкерлер, ошондой эле юридикалык жактар.

  • Каржылык жардамдын суммасы: 1 000 000 сом
  • Каржылык жардамды пайдалануу мөөнөтү: 18 айга чейин.
close