Жаңылыктар

«КЕРЕМЕТ БАНК» ААК СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДАГЫ КАРЖЫЛЫК ОЛИМПИАДАГА ДЕМӨӨРЧҮЛҮК КЫЛДЫ

21 кулжа 2022

«КЕРЕМЕТ БАНК» ААК КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА САПАТТУУ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ОРУН АЛУУСУНА КЫЗЫКДАР

Кыргыз Республикасында террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү системасы үчүн кадрларды даярдоо механизмдерин чыңдоо максатында ЖОЖ студенттеринин арасында Республикалык каржы Олимпиадасы болуп өттү. Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги тарабынан өткөрүлгөн.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мыкты деп табылган студенттер   Кыргыз Республикасынын курама командасына киргизилди. Өз кезегинде алар жыл сайын Эл аралык тармактык институтунун колдоосу алдында Сочи шаарында өтүүчү ТК/АКА (Терроризмди каржылоо жана акча каражаттарын адалдоого каршы күрөшүү) жаатындагы Каржылык коопсуздук боюнча Эл аралык Олимпиадага катышышат.  

Аталган иш-чарада «Керемет Банк» ААК өзүн Бишкек шаарында жайгашкан ЕККУ кеңсеси менен катар эле негизги демөөрчү катары алып барды.

Мындан сырткары, Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бербаев Тимур Өмүрбекович жана Комплеанс башкармалыгынын начальниги Сагынов Алмаз Жумгалбековичтер өкүлчүлүк кылган  «Керемет Банк» ААК жетекчилиги командалык практикум жюрилеринин жана соңку этаптын байкоочуларынын катарын толукташты.

Олимпиаданын соңунда «Керемет Банк» ААК жетекчилиги тарабынан атайын сыйлыктар жана Банкта бекер практикалык иштен өтүү үчүн сертификаттар тапшырылды. 

close