Жаңылыктар

“КЕРЕМЕТ БАНК” ААК TOYBOSS NIGHT RUN жөө күлүктөрдүн кечки жарышына катышты

21 кулжа 2022

2022-жылдын 18-июнунда Бишкек шаарында салтка айланып калган Toyboss Night Run 2022 жөө күлүктөрдүн кечки жарышы болуп өттү жана бул иш-чара  Nomad Sport Коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Мара-чектик шаарча "АЮ Grand" соода борборунда белгиленген.

Бул кечки жарышта спортсмендер 3 топко бөлүнүшкөн. 21 км аралыкка мерчемделген жарышка катышып жаткан спортсмендер биринчи, 10 км аралыкка мермчемделген жарыштын катышуучулары экинчи, ал эми 5 км аралыктагы жарыштын катышуучулары үчүнчү болуп чуркашкан.

Салтка айланып калгандай «Керемет Банк» ААК кызматкерлери дагы аталган иш-чарага катышышкан. Айталы, Банкта иштеген 20 спорт ышкыбоздору 10 жана 5 км жарышка катышышкан.

Toyboss Night Run – бул Кыргызстанда өткөрүлүүчү масштабдуу кечки жарыш. Ал жыл сайын жай айларында өткөрүлөт жана үстүбүздөгү жылы ал төртүнчү жолу өткөрүлдү. Белгилей кетчү нерсе, алгач ирет аталган жарыш 2018-жылы башталган.

close