Жаңылыктар

“Керемет Банк” ААК жана “Газпромбанк” келишимге кол коюшту

3 баш оона 2022

Жаңы этап, жаңы чечимдер!

29-июлда Ысык-Көл облусунда Россия Федерациясынын ири банкы «Газпромбанк» менен Кыргызстандын «Керемет Банк» ААК ортосунда келишимге кол коюу салтанаттуу аземи болуп өттү. Келишимге кол коюу аземине «Керемет Банк» ААКнын Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Кубанычбек Шапаков жана “Газпромбанк” АКнын аткаруучу вице – президенти Олег Мельников катышышты. 

Кол коюлган келишимдин шарттарына ылайык, «Газпромбанк» өнөктөшкө Банктык келишимди колдоо продуктунун бизнес концепциясын жана уникалдуу санариптик кызматтарды өткөрүп берет, ошондой эле технологиялык жана консультациялык колдоо көрсөтөт.

Контракттарды банктык колдоо жолу экономиканын түрдүү тармактарында ири долбоорлорду рационалдуу жана натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет, бул бүтүндөй өлкөнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт.


close