Жаңылыктар

Россиядан акчаңыздарды “Керемет Банктын” карталарына которуңуздар

19 баш оона 2022

Мындан ары «Русский Стандарт» банкынын кардарлары өз акча каражаттарын Кыргызстанга  «Керемет Банк» тарабынан чыгарылган Union Pay төлөм системасындагы карталарга которо алышат.

«Русский Стандарт» банкынын кардарлары картанын номуру боюнча ыңгайлуу онлайн-которуу кызматтарынан банктын сайты, RS Express онлайн-кызматы, ошондой эле интернет- жана мобилдик банкинг аркылуу пайдалана алышат.

Акчаны кантип которууга болот?

Эгерде Сиз «Русский Стандарт» банкынын кардары болсоңуз, анда сиз:

  • каражаттардын эсептен чыгарылуусу пландалып жаткан эсепти/картаны тандаңыз;
  • «Керемет Банктын» алуучу-кардарынын карта номурун киргизиңиз ;
  • зарыл сумманы көрсөтүңүз;
  • коддун жардамы менен которуу болгондугун ырастаңыз.

«Керемет Банк» - ийгиликке сапарлаш!

*Акча которуулар үчүн алынуучу комиссия:

Union Pay картасына каражаттарды жөнөтүү үчүн белгиленген комиссия 1,5%ды түзөт.  

Ошол эле учурда рубль менен ачылган эсеп боюнча анын бир операция үчүн минималдык өлчөмү 249 рубльди., АКШ долларында 4$ түзөт. Которула турчу минималдык сумма – 1500 руб. .

close