Жаңылыктар

SNOW LEOPARD RUN 2022

11 тогуздун айы 2022

“Керемет Банк” ААКнын эмгек жамааты республиканын жарандарынын социалдык жана кайрымдуулук чөйрөсүнө активдүү катышып келет. Үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында борбор шаарыбызда өткөрүлгөн SNOW LEOPARD RUN 2022 кайрымдуулук марафонуна дагы Банк кайдыгер калган эмес, башкача айтканда банктын 44 кызматкери аталган иш-чарага катышып, өз салымдарын кошуп кайтышкан. Жөө күлүктөрдүн Эл аралык «SNOW LEOPARD RUN» жарышы кайрымдуулук иретиндеги Эл аралык жарым марафондордун бири болуп саналат. Белгилей кетчү нерсе катышуучулардын старттык взносторунан чогултулган каражаттардын бир бөлүгү Ак илбирс жана анын экосистемасын сактоо боюнча Дүйнөлүк программасына багытталат.

close