Жаңылыктар

Ош облусунун Баткен чек ара аймагында болуп өткөн окуяларда жабыркашкан карыз алуучулар үчүн маалымат

12 тогуздун айы 2022

«Керемет Банк» ААК  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылдын 6-октябрындагы № 2022-П-12/62-2 (ЧУА) «Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн куралдуу кагылыштын натыйжасында жабыр тартышкан коммерциялык банктардын, банктык эмес жана адистештирилген финансылык-кредиттик уюмдардын кардарларына колдоо көрсөтүү маселеси боюнча  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери жөнүндө» Токтомунун негизинде, ошондой эле кардарларга колдоо көрсөтүү максатында, Банк  Баткен жана Ош облустарындагы куралдуу кагылыштын натыйжасында жабыр тартышкан кардарлардан келип түшкөн бардык кайрылууларды караштыра тургандыгын билдирет.

Кайрылуулар жекече тартипте караштырылат.

  • Бардык суроолор боюнча "Керемет-Банк" ААКнын жакынкы бөлүмдөрүнө же төмөнкү телефондор аркылуу контакт-борборго кайрылууга: (0 312) 55 44 44, (0557) 55 44 44 -WhatsApp же бизге сайт аркылуу жазуу  болот.
close