Жаңылыктар

МИКРО-, КИЧИ ЖАНА ОРТО ИШКАНАЛАР (МКОИ) ҮЧҮН КАЙТАРЫМ ИРЕТИНДЕГИ КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМ

14 жетинин айы 2022

 Банк башкармалыгынын төрагасы Бербаев Тимур Өмүрбекович башында турган «Керемет Банк» ААКсы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте COVID-19 пандемиясы менен шартталган кризистик кырдаалдан жабыркаган микро-, кичи жана орто ишканаларды колдоо жана калыбына келтирүү максатында Кайтарым иретиндеги каржылык жардам боюнча Долбоорду жүзөгө ашырууда.

 Кайтарым иретиндеги каржылык жардам жылдык 0% менен берилет.

 Долбоор Бүткүл Дүйнөлүк Банктын жана Азия инфраструктуралык инвестициялар Банкынын колдоосу менен жүзөгө ашырылууда – «КРдагы жеке менчик жана каржылык секторго шашылыш жардам» (ЖКСШК)

 Долбоордун шарттары тууралуу кеңири маалыматты төмөнкү web-дарек боюнча Банктын keremetbank.kg расмий сайтынан, Банк бөлүмдөрүнөн жана +996 312 55 44 44 номуруна чалып билүүгө болот.  

close