Жаңылыктар

Абайлагыла: «Керемет Банк» көзбоемочулуктун жаңы түрлөрү тууралуу эскертет!

28 бештин айы 2022

«Керемет Банк» ААКсы акыркы мезгилдерде көзбоемочулук көрүнүштөрү күч алып бара жаткандыгы туралуу эскертет. Белгисиз адамдар банктын атынан кардарларга чалып, карттык эсепти тастыктоо же кандайдыр бир операцияларды аткарууну суранып жатышат.

  • «Керемет Банк» ААКсы баардык адамдарды абдан сак болууга чакырат. 

Банк өзүңүздүн карт эсебиңиз  тууралуу маалыматтарды (карттын номери, карт-эсеп, CVV, PIN-код, аракеттенүү мөөнөтү, ырастоо коду) үчүнчү жактарга эч качан бербеш керектиги жана чалып жаткандардын өтүнүчү боюнча операцияларды аткарбаш керектиги тууралуу эскертет. Көз боемочулар сиз берген маалыматтардан пайдаланышып, карт эсептен акча каражаттарын чыгарып кетүүсү ыктымал.

  • Эгерде сиздерге телефон аркылуу картыңыздын маалыматтарын же "Керемет Банкта" тейленүүгө алуу боюнча башка маалыматтарды айтууну сунуш кылышса, ал факт тууралуу банктын күнү-түнү иштеген контакт борборуна 0312 55 44 44 номерине чалып же болбосо (0 557) 55 44 44 – WhatsApp номери аркылуу, сайттагы кайтарым байланыш формасы же call-center@kermetbank.kg электрондук дареги боюнча билдирүүнү сунуш кылабыз.
close