Жаңылыктар

«Керемет Банк» экологиялык коопсуздукка карай биринчи жооптуу кадамын жасады

27 бештин айы 2022

Жыл өткөн сайын Кыргызстанда бир катар компаниялар менен уюмдар өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө «жашыл принципке» өзгөчө көңүл бөлүп, экологиялык таза жашоо, ошондой эле калдыктар менен иш алып баруу жаатында маанилүү кадамдарды жасап жатышат.

Мисалы, «Керемет Банк» ААК кабыл алынган ESG-Стратегиянын алкагында банктар арасында биринчилерден болуп колдонулган карталарды термикалык пиролиз жолу менен экология үчүн зыянсыз утилдештирүү  боюнча иш-аркеттерин өткөрдү. Утилдештирүүнүн мындай методу атмосфераны булгап жаткан зыяндуу заттардын санын кыскартууга багытталган жана мындай иш-чаралар Банктын Кыргызстандагы калдыктарды башкаруу боюнча WasteNet.KG. иштиктүү тармакка мүчөлүгүнөн улам жүзөгө ашырылууда.

Аба-ырайы жыл өткөн сайын бузулуп жаткан мындай шартта Банк экологиялык коопсуздукту сактоо, атмосферага бөлүнүп чыгып жаткан өздүк зыяндуу заттардын санын кыскартуу үчүн биринчилерден болуп жооптуу кадам жасады.


close