Акциялар

«Пенсиялык сактык» салымы боюнча акция

26 теке 2023

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому өз пенсияларын «Пенсиялык сактык» мөөнөттүү аманаты боюнча алып жатышкан жеке жактар – Кыргызстандын резиденттери үчүн 2023-жылдын 1-августунан тартып 31-октябрына чейин акция өткөрөт.

Акциянын аталышы - «Пенсиялык сактык» аманаты боюнча акция»».

Аталган акцияга катышуу үчүн 2023-жылдын 1-августунан тартып 31-октябрына чейин 12 айга жана андан да узак убакытка «Керемет Банкка» 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын жайгаштыруу зарыл. Бул иш-аракети үчүн акциянын бардык катышуучуларына  Банктын атайын логотиби түшүрүлгөн плед белекке берилет.

Ал эми чоң өлчөмдө жана узак мөөнөткө аманат ачтырган кардарлар ноутбук, телевизор, электрсамокат, робот-чаң соргуч өңдүү баалуу белектерге талапкер боло ала алышат. Атайын түзүлгөн комиссия депозиттин суммасына жана жайгаштырылган мөөнөтүнө жараша белекке ээ болгон жети кардарды аныктайт. Ошентип чоң өлчөмдө салым салган кардар башкы белекке ээ болмокчу.

КРУБдун 049 лицензиясы

Аманат ээлери үчүн эскерткич  

Акциянын шарттары


Бардык акциялар


close