Маркетинг жана сатуулар башкармалыгынын начальнигинин орун басары
Аймак:: Бишкек шаары
Жарык көргөн күнү: 19 жалган куран 2024
Кызматы:
Маркетинг жана сатуулар башкармалыгынын начальнигинин орун басары
Квалификациялык талаптар:
- толук жогорку билими же маркетинг жаатында базалык жогорку билими жөнүндө диплому, мүмкүн болсо маркетинг жана продуктарды иштеп чыгуу жаатында сертификатынын болуусу;
- банктык/каржылык чөйрөдөгү, соода-сервистик ишканалардагы, уюлдук компаниялардагы кеминде 5 жылдык иш стажы;
- Кыргыз Республикасынын маркетинг жана жарнама жаатындагы мыйзамдарын билүүсү;
- Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарын билүү жана сактай билүү.
Ишкердик жана инсандык сапаттары:
- коммуникабелдүүлүк, конструктивдүүлүк, демилгелүүлүк;
- коюлган тапшырмаларды олуттуулугуна жараша бөлүштүрө жана так аткара билүү;
- маалыматты оозеки жана кат жүзүндө ачык-айкын, так жана туура жеткире билүү;
- жоопкерчилик ала билүү, өз кылган аракеттерине жана кабыл алган чечимдерине жооп бере билүү;
- аналитикалык жөндөм жана кырдаалды реалдуу кабыл алуу жөндөмү;
- жаңы нерсени өздөштүрүүгө кызыгуусу жана билген нерселерин кесиптештерине үйрөтүүсү;
- мобилдүүлүк жана иш сапарларга чыгууга даяр туруу.
Кызматтык милдеттемелер:
- атаандаштык чөйрөгө анализ өткөрүү, керектөөчүлүк талаптардын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо;
- жаңы банктык продукттарды жана кызматтарды иштеп чыгуу жана алардын керектөөчүлөргө жетүүсүнө кам көрүү;
- Банктын кыска, орто жана узак мөөнөттүү маркетингдик стратегиясын иштеп чыгуу;
- Банк продукттарын жылдыруу үчүн маркетингдик акцияларды жана иш-чараларды өткөрүү;
- өз ишинде көз карандысыз, калыс принципти кармоо жана кызыкчылыктардын кагылышына жол бербөө;
- өзүнө жүктөлгөн функцияларды, ошондой эле тескемелерди, буйруктарды, Банктын коллегиалдык органдарынын протоколдук тапшырмаларын өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;
- коммерциялык жана банктык сырды сактоо, кызматтык милдеттемелерди аткаруунун жүрүшүндө алынган же белгилүү болуп калган маалыматтарды купуя кармоо жана алардын жайылып кетүүсүнө жол бербөө;
- кызматташтык мүнөздө башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери менен өз ара аракеттенүү, иштиктүү жүрүм-турум эрежесин сактоо жана Банктын кардарларына, өнөктөштөрүнө жана кызматкерлерине сый мамиле жасоо;
- Банктын ички ченемдик документтеринин талаптарын билүү жана сактоо.
Резюмени төмөнкү электрондук дарек боюнча жөнөтүү зарыл: hrm@keremetbank.kg
* Банк аңгемелешүүгө көбүрөөк туура келген кандидаттарды чакырууга укугу өзүндө калтырат.