Системдик Администратор

Системдик Администратор

Системдик Администратор

Аймак:: Бишкек шаары

Жарык көргөн күнү: 3 чын куран 2024

Кызматы:

Системдик Администратор

Квалификациялык талаптары:

  • Жогорку техникалык билими;
  • Окшош кызматтарда кеминде 3 жылдык тажрыйбасы;
  • Ишенимдүү билүүсү:
    • Windows операциялык системасынынын жана сервердик программалык камсыздоонун ар кыл версияларынын иштөө тартибин (Unix\Linux билүүсүнө артыкчылык берилет);
    • систем виртуализации VMWare\KVM\Proxmox виртуализация системаларын;
    • маалыматтарды резервдик көчүрүү принциптерин жана системаларын;
    • тармактык протоколдордун  жана компьютердик тармактардын иш принциптерин.
  • MS Active Directory, топтук саясаттарды билүү, жумушчу станцияларды борборлоштурулган башкаруу, колдонуучуларды түзүү;
  • bat\cmd\vbs\powershell скриптерди жаза билүүсүнө артыкчылык берилет;
  • Англис тилин маалымат технологиялары тармагындагы техникалык документтерди түшүнүү үчүн зарыл болгон деңгээлде билүүсү;
  • Сертификаттарынын болуусуна артыкчылык берилет.

Функционалдык милдеттери:

  • Сервердик жабдууларды жана инфраструктураларды, виртуализация системалардын ишин үзгүлтүккө учуратпай кармап туруу;
  • Резервдик көчүрүү жана маалыматтарды калыбына келтирүү;
  • Банктын домендик архитектурасын конфигурациялоо, жөнгө салуу жана администрлөө;
  • Операциялык системаларды, башка программалык камсыздоолорду жаңылоо, инсталляциялоо, жөнгө салуу;
  • Жабдуулардын жана программалык камсыздоолордун иш жөндөмүнө мониторинг өткөрүү;
  • Документтерди түзүү, иш кагаздардын жүргүзүү.

Шарттары:

  • КРнын Эмгек Кодексине ылайык ишке орношуу;
  • Карьералык өсүш жана окуу;
  • Достук маанайдагы жагымдуу атмосфера.

Резюмени төмөнкү электрондук дарек боюнча жөнөтүү зарыл:  hrm@keremetbank.kg 

* Банк аңгемелешүүгө көбүрөөк туура келген кандидаттарды чакырууга укугу өзүндө калтырат.

Анкета толтуруу

Бaардык бош орундарды көрүү

close