Жеке дайындарды колдонуу шарттары
Жеке дайындарды колдонуу шарттары
Мен, муну менен эркин, түшүнүп, өз эрким менен төмөндөгүлөргө карата Банкка өзүмдүн макулдугумду билдирем:
- Банктын, анын ичинде үчүнчү жактардын, өтүнмөдө көрсөтүлгөн бардык менин жеке дайындарымды төмөндөгү максаттарда каалаган жол менен колдонуусуна, анын ичинде жыйноо, топтоо, сактоо, актуалдаштыруу, өндүрүү, электрондук көчүрүү, ээсиздендирүү, бөгөт коюу, жок кылууга, ошондой эле менин жеке дайындарымды колдонуунун жыйынтыгында алынган башка дайындарды колдонууга:
- Банк менен банк карталарын чыгаруу, тейлөө келишимин түзүү;
- менин жана Банктын ортосунда түзүлгөн келишимдерди аткаруу;
- мени менен түзүлгөн келишимдерди тейлөө боюнча функцияларды Банктын жүзөгө ашыруусу;
- Банктын жеке дайындар маалыматтык системасын түзүү;
- ошондой эле башка банк карталарын чыгаруу жана тейлөө жана Банктын башка продукттарды сунуштоосу менен жана мага Банктын жаңы продукттары жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө маалыматты жөнөтүү менен түз же кыйыр байланыштуу болгон бардык максаттарда;
- “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Банктын жеке дайындарды үчүнчү жактарга берүүсү;
- менин жеке дайындарыма карата башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, анын ичинде, бирок чектелбестен: Банктын тескөөсүндө/жетүү мүмкүндүгүндө болгон бардык менин жеке дайындарымды колдонуу, кредиттик картаны чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн келечекте менин төлөө жөндөмдүүлүгүмдүн мүмкүндүгүн баалоо максатында абоненттер жана аларга көрсөтүүлүүчү кызматтар жөнүндө маалыматтарды колдонуу;
- кредиттик бюродо өз дайындарымды текшерүүгө макулдугумду берем;
- менин Банктан жарнаманы, жөнөтмөнү, анын ичинде көчмө радиотелефон байланыш тармагы аркылуу алуума.
Мен төмөндөгүлөр менен тааныштым:
- ушул макулдук мен Банк менен түзүлгөн келишимдер боюнча өз милдеттенмелерди толук аткарганга чейин, ошондой эле Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 5 жыл аралыгына берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин макулдукту чакыртып алуу жөнүндө маалыматтар жок болгондо анын аракети ар бир кийинки 5 жылга узартылды деп эсептелет;
- менин жеке дайындарымды колдонууга макулдук Банк менен түзүлгөн келишимдер боюнча карыздарды толук төлөгөндөн кийин гана Банкка тиешелүү жазуу түрүндөгү арызды жөнөтүү аркылуу мөөнөтүнөн мурда артка чакыртылып алышы мүмкүн;
- жеке дайындарды колдонууга макулдукту артка чакыртып алуу учурунда менин жеке дайындарымды толук же жарым-жартылай колдонуу “Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык улантылат.
«Керемет Банк» ААК
КРУБ лицензиясы 049
720001, Кыргыз Республикасы,
Бишкек ш., Тоголок Молдо көч., 40/4