Жаңылыктар

«Керемет Банк» пенсиялык аманат боюнча акциянын катышуучуларын сыйлоону улантууда

26 бештин айы 2023

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому «Пенсиялык сактык» аманаты боюнча акциянын эң жигерүү катышуучуларын сыйлоону улантууда. Жакында Банкыбыздын «Талас» жана «Кара-Балта» филиалдарында Эркебүбү Жусупбекова менен Людмила Савчук сыйлыкка ээ болушту.

Акция пенсия алып жатышкан жеке адамдар – Кыргызстандын резиденттери үчүн 2023-жылдын 1-августунан тартып 31-октябрына чейин өткөрүлгөн. Акцияга катышуу үчүн алар бул мезгил ичинде «Пенсиялык сактык» аманатынын шарттарына ылайык каржы мекемесине акча каражаттарын салуусу керек болгон. Акциянын бардык катышуучулары банктын логотиби түшүрүлгөн пледдерди белекке алышкан.

Башкалардан айырмаланышкан аманатчылар ноутбук, телевизор, робот-чаң соргуч өңдүү баалуу белектер үчүн ат салышкан. Атайы түзүлгөн комиссия аманаттын суммасына жана салынган мөөнөтүнө ылайык жеңүүчүлөрдү аныктап чыккан.

Аманат жөнүндө кеңири маалымат алуу үчүн «Керемет Банк» ААКнын сайтынан, ошондой эле: 0 (996 312) 55 44 44 телефондору аркылуу же call-center@keremetbank.kg е-mail почтасы аркылуу билүүгө болот.

КРУБдун 049 лицензиясы

close