Жаңылыктар

«Керемет Банктын» филиалдык тармагынын 2020-жылдын 11-майына карата актуалдуу иштөө графиги

11 бугу 2020

Урматтуу кардарлар! Сиздерге бүгүнкү күндөн, 2020-жылдын 11-майынан баштап, Бишкек шаарында өзгөчө абал шарттамы жана коменданттык саат алынганына байланыштуу, «Керемет Банктын» башкы кеӊсеси мурагы иштөө шарттамына: жумуш күндөрүндө саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштөөгө кайтканын маалымдайбыз.

Көпчүлүк флиалдар жана сактык кассалары үчүн саат 8:30дан 17:30га чейинки, айрым сактык кассалары үчүн – саат 8:30дан 16:30га чейинки бирдиктүү жумуш графиги иштейт.

  • Бишкек ш.  Бейшеналиев көч., 31-үй, 23/1- жана 23/2- батир дареги боюнча (Ош базарынын району);
  • Ноокат ш. Ленин көч., н/ж дареги боюнча;
  • Өзгөн ш. Манас көч., 32-үй, 17-батир дареги боюнча;
  • Кызыл-Кыя ш. Асаналиев көч., н/ж дареги боюнча;
  • Баткен ш. Нургазиев көч., 26 дареги боюнча.

Кардарлар менен иштөө шарттамы, түшкү тыныгуулар жана филиалдар менен сактык кассаларынын дем алыш күндөрүндөгү жумуш графиги жөнүндө кененирээк маалыматты күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборунан (0 312) 55 44 44 телефону, WhatsApp боюнча (0 557) 55 44 44 телефону же сайттагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу тактоого болот. Банктын бардык тейлөө чекиттеринде мурдагыдай эле зарыл коопсуздук чаралары сакталат: дезинфекциялоочу каражаттар жана жекече коргонуу каражаттары колдонулат, жабдууларды санитардык иштетүү жүргүзүлөт, сунушталган аралык жөнгө салынат жана бардык келүүчүлөргө колду иштетүү үчүн антисептикалык каражаттар сунушталат.

Мында "Керемет Банк" өзүнүн кардарларына көп кызматтуу мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу тейлөөнүн альтернативалуу ыктарын колдонууну сунуштайт, алар 24/7 шарттамында 300гө чейинки кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө мүмкүнчүлүгүн беришет. Карта кармоочуларда апрелде мөөнөтү бүткөн жана жакынкы мезгилде мөөнөтү бүтө турган «Элкарт» улуттук төлөм карталарын кайра чыгаруу менен оорчулуктар пайда болбосун үчүн, банк карантин учурундагы жарандардын кыймылы менен байланышкан чектөөлөр толук алынганга чейин автоматтык шарттамда алардын иштөө мөөнөтүн узартты, бул карта кармоочулардын банктын филиалдарына келүү зарылдыгын жокко чыгарат. 


close