Жаңылыктар

"Керемет Банктын" мобилдик жана интернет-банкинги: ыӊгайлуу, пайдалуу, заманбап

18 кулжа 2020

Көптөгөн колдонуучулар үчүн кыргыз, орус жана англис тилдеринде берилген «Керемет Банктын» мобилдик жана интернет-банкинги, турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калды. «Керемет Банктын» кардарлары бир көз ирмемде үч жүзгө чейинки ар кыл кызмат көрсөтүүлөргө, анан калса алардын чоӊ жана эӊ талап кылынган бөлүгүнө – комиссиясыз акы төлөөгө көнүштү, бул ыӊгайлуу гана болбостон, пайдалуу дагы.

  • «Керемет Банктын» онлайн-банкингинин жардамы менен телефондун теӊдемин жана электрондук капчыкты толуктоого, өз алдынча акча которууга, коммуналдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө, уюлдук байланышка, телекөрсөтүүгө, интернетке акы төлөөгө, МАИнин жазапулдарын, салыктарды төлөөгө болот жана башка көптөгөн сервисттер бар. «Керемет Банктын» башка кардарына, 4 мүмкүн болгон реквизиттердин каалаганын колдонуп, жөнөтүүчүнүн байланыштары тизмесиндеги телефондун номерин жана QR-кодду кошо, акча каражаттарын которуу кызматы өзгөчө белгилүүлүктү жеӊип алды.

«Керемет Банктын» мурда колдо бар сервистер тизмесин татыктуу толуктаган кийинки онлайн-кызмат көрсөтүүлөрүнүн бири, бул муниципалдык коомдук унаада жүрүү үчүн «Тулпар» бирдиктүү унаа карталарынын теӊдемин телефон же компьютер аркылуу комиссиясыз толуктоо.

Өзгөчө абал мезгилинде банк Marketplace-платформаны – өз сегментиндеги инновациялык иштелмени ишке киргизе алды, анын аркасы менен кыргызстандыктарга реалдуу убакыт шарттамында ар кыл багыттар: унаа жана айдоо; паспорт жана күбөлүктөр; жумуш, пенсия, салыктар; медицина жана камсыздандыруу; кыймылсыз мүлк; билим берүү; үй-бүлө жана балдар, боюнча 30га чейин расмий мамлекеттик маалымкаттар берилет. 

Жакынкы мезгилде «Керемет Банктын» мобилдик жана интернет-банкингинде колдонуучулар тарабынан талап кылынган дагы бир канча аралыктан кызмат көрсөтүүлөр пайда болот. Кардарлар өздөрүнө онлайн-банкингди өз алдынча туташтыра, алыстан депозиттерди ача, «Золотая корона» акча которуулар тутуму боюнча каражаттарды жөнөтө, ал эми «Контакт» тутуму боюнча ала да алышат.

Ошентип, эгерде сизге тейлөөнүн коопсуздугу, комфорту, ылдамдыгы, ыӊгайлуулугу жана сапаты маанилүү болсо, «Керемет Банк» - бул заманбап санариптик банк, анын бир бөлугү болуу өтө зарыл. Эгерде суроолор калса, банктын күнү-түнү иштөөчү байланыш-борборуна (0312) 55 44 44 телефону, WhatsApp аркылуу – (0557) 55 44 44 телефону же  сайтындагы кайтарым байланыш калыбы аркылуу кайрылыӊыз.



close