Жаңылыктар

«Керемет Банк» жана «Сенти» ФКсы өлкөнүн ар кыл бурчунан келген студенттерге “Аманаттоо инструменттерин” билип алуусуна көмөк көрсөттү

28 тогуздун айы 2020

Октябрь айынын акырында, салтка ылайык дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн каржы мекемелери аманаттоо маданиятына жана калктын каржы сабаттуулугун жогорулатууга арналган иш чараларды өткөрөт.  “Аманаттоо дүйнөлүк күнүнө” арналган глобалдык билим берүү кыймылынын алкагында, «Керемет Банк» “Сенти” каржы компаниясы менен биригеликте М.Рускулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинин жана Кыргыз-Казах Университетинин ар башка курстарынын студенттери үчүн семинар өткөргөн.

Онлайн-формат болгондугуна байланыштуу иш-чарага Кыргызстандын бардык областтарынан окуучулар катыша алышты. Диалог үчүн жабдылган аянтчаны жана техникалык коштоп жүрүүнү “Керемет Банк” сунуштаган, ал эми спикер катары “Сенти” компаниясынын кызматкери – иштеп турган биржа брокери, каржы инструменттери боюнча серепчи, каржы тармагындагы 10 жылдан ашык иш стажы менен инвестициялык портфелди түптөө жана башкаруу боюнча консультант Медер Ташыбеков иш алып барды.

Семинардын жүрүшүндө студенттер каржы сабаттуулугунун негиздери менен таанышып, жеке каражатты кантип натыйжалуу башкарууга боло тургандыгы, өзүнүн кирешелерин көбөйтүү жана чыгашаларын азайтууга жолдору, аманаттарын сактап калуу жана көбөйтүүнүн ыкмалары, ошондой эле инвестициялоо үчүн кайсыл жолдорду пайдаланууга боло тургандыгы тууралуу билип алышты. Ошондой эле, прогрессивдүү муун катары, студенттер арасында олуттуу кызыгууну, мобилдик жана интернет-банкингдин жардамы менен банкка келүүсүз эле депозитти ачуу, акча каражатын өз алдынча которуу, ар кыл кызматтарды төлөө жана башка көптөгөн сервистерден пайдаланууну камтыган банктык тейлөөгө алынуунун дистанттык ыкмалары жаратты.

Семинардын корутунду бөлүгүндө, текшерүү үчүн берилген суроолорго туура  жооп берген эң ыкыластуу студенттер аныкталган, алар “Аманаттоо дүйнөлүк күнү” алкагында “Керемет Банкта” өткөрүлүп жаткан бардык активдүүлүктүн женүүчүлөрү менен биргеликте банктын кеңсесинен эстелик сувенирлерин алышмакчы. 

Студенттер жана окутуучулар семинардын маңыздуулугу жана пайдалуулугун, ыңгайлуу форматын жана жагымдуу атмосферасын белгилешкен. Ал эми банкта болсо апта ичинде дагы бир, кезектеги – “Акча, аманаттоо жана банктар тууралуу” интеллектуалдык онлайн-викторина иш-чарасы мерчемделген, ага бапрдык каалоочулар катышып, адилет атаандашуунун жүрүшүндө эридуттер арасында чемпиондукту жеңип чыга алышат.

Маалымат үчүн:

«Аманаттоо дүйнөлүк күнү»  дүйнө жүзү боюнча 1924-жылдан тартып белгиленип келет, андан берки тарыхы 95 жылдан ашкан, олуттуу географияга менен популярдуулукка ээ. Иш-чаранын глобалдык максаты – бул, калктын, оболу жаштардын каржы сабаттуулугун жогорулатуу, аларга аманттоо маданиятын, каржы келечеги тууралуу ойлонууну жана туура инвестициялоону көндүм кылуу/


close