Жаңылыктар

Күрөөсүз насыя керек болуп жатабы? Анда «Керемет» банкына кайрылыңыз!

15 теке 2021

Жайкы мезгил – бул эс алуу, курулуш, үйдүн ичин жаңылантуу жана ошондой эле бизнестин ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн маалы… Көп учурда акча каражатынын тез, дароо талап болуусунун учуру.

«Керемет» банкы өз кардарларына тез убакытта акча каражатын тартулоо маселесин кескин түрдө жаап, жардам берүүнү чечти. Андыктан, болгон мүмкүнчүлүктөрдү камтып, бардык кардарлар үчүн күрөөсүз насыянын суммаларын жогорулатты:

  • 100 000 сомго чейин – күрөөсүз жана кепилдиксиз насыялар
  • 200 000 сомго чейин – күрөөсүз насыялар
  • 300 000 сомго чейин – кайталанган кардарлар үчүн күрөөсүз насыялар

Кичи жана орто ишкердиктер үчүн «Иштиктүү өсүш» насыясынын алкагында өз бизнесин өнүктүрүүгө шарт түзүлөт.  Жеке жактар учун «Жашоонун ар кандай учурларына» насыясынын алкагында же накталай төлөмгө ылайыктуу Visa Credit аркылуу күрөөсүз насыя алууга мүмкүнчүлүк пайда болот. «Керемет Банк» ААКнун эмгек акысын алуу долбоорунун кардарлары үчүн «Беш эмгек акы» программасынын алкагында күрөөсүз насыянын суммасы 200000 сомго чейин көтөрүлдү.

Максималдык суммаларды, пайыздык наркты, ар бир үнөмдөр боюнча күрөөсүз  насыялар жөнүндө кенен маалыматты банктын сайтынан окуй аласыз.

Эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, банктын тейлөө пунктарына жана 24 сааттык контакттык борборунун төмөнкү номерлерине 0(312) 55 44 44 же (0 557) 55 44 44 – WhatsApp жана ошондой эле корпоративдик сайт жана социалдык тармактар аркылуу кайрылсаңыз болот.

  «Керемет Банк» – ИЙГИЛИККЕ САПАРЛАШ!

close