Жаңылыктар

«Керемет Банк» ААК жана «ЭЛКАРТ Мобайл» мобилдик тиркемелерин интеграциялоо банктык кызматтардын кыргызстандыктардын арасында максималдуу тереңдешин камсыз кылат

29 тогуздун айы 2021

Жакынкы күндөрдө башат алган  «Керемет Банк" ААК менен “Банктар аралык процессингдик борбор” ЖАКнын (IPC, Interbank Processing Center) биргелешкен долбоорунан улам, «ЭЛКАРТ Мобайл» тиркемесинин банктын кардарлар базасы менен интеграциялануусу ишке ашырылган. Аталган долбоор, өлкөнүн баардык банктары тарабынан чыгарылган “Элкарт” улуттук карттары боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырууда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. 

Аманатты, эсептешүү эсебин же  «Элкарт», Visa, UnionPay карт эсептерин КОМИССИЯСЫЗ толуктоо, ошондой эле акча которууларын ишке ашыруу же “Керемет Банктын” кардарынын насыясын жабууга жардамдашууну эми “Элкарт” улуттук төлөм тутумунун кайсыл болбосун катышуучусу ишке ашыра алат, анын үстүнө 24/7 ыргагында да.

“Керемет Банкта” ыңгайлуу болгон мобилдик жана интернет банкинги бар экенине карабастан, банктын адистери ар бир кыргызстандыктын иштеп турган каржы чечимдерине жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган заманбап санарип шаймандарды издөөнүн үстүндө иш алып барып келишет. "Керемет Банктын" мобилдик тиркемеси жана интернет банкинги аркылуу Кыргызстандын кайсыл болбосунун банкынын «Элкарт» карттарын толуктоого боло тургандыгын эсиңиздерге сала кетмекчибиз.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата эки мобилдик тиркемени эки жактуу интерграциялоо жүзөгө ашырылган, ал дистанттык банктык тейлөөгө алуу сервистеринин Кыргызстандын калкынын арасында максималдуу тереңдешин камсыз кылмакчы.

Банктар аралык процессингдик борбор” ЖАК менен долбоор жана "Керемет Банктын"  кызматтары тууралуу кененирээк (0312) 55 44 44 номерине чалып же (0557) 55 44 44 – WhatsApp номерине жазып күнү-түнү иштеген контакт-борбордон билип алууга болот.


close