Жаңылыктар

«Керемет Банк» «Элкарт» улуттук төлөм тутумунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык менен белгиленди

23 бештин айы 2021

“Банктар аралык процессингдик борбор” ЖАКы (“Элкарт” улуттук төлөм тутумунун оператору) 2021-жыл үчүн жыйынтыктарын чыгарып, "Керемет Банк" ААКды узак мөөнөттөгү кызматташтыгы жана “Элкарт” улуттук төлөм тутумунун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык менен белгиледи.

Рынокто иштеп келген мезгил аралыгында 850 компания улуттук төлөм тутумдары базасында өзүнүн эмгек акы долбоорлорун тейлөөгө алууну "Керемет Банк" ААКна ишенип тапшырып берген, ал эми бүгүнкү күнгө карата банк 65 000 “Элкарт” картын тейлеп келет, алардын саны күн санап өсүп, сунушталган кызматтар болсо жакшырып жатат.

Өзүнүн өндүрүмдөрүн санариптештирүүгө ыкташтырган «Керемет Банк» ар дайым заманбап технологияларды киргизүүгө умтулуп келет, ошондуктан өлкөдө эң алгачкылардан болуп NFC базасында контактсыз “Элкарт” карттарын чыгарууну нукка сала алган.

NFC (Near Field Communication) – аны терминалга салбастан, 10 см. аралыкта кармоо менен соода-сервистик ишканаларда банктык карттар менен эсептешүүгө мүмкүндүк берген контактсыз төлөмдөр технологиясы. Ал учурда карттын номери тууралуу маалыматтар шифрленген нукта окулуп, башка жактарга берилбейт.

Ал эми "Керемет Банк" ААКы менен “Банктар аралык процессингдик борбор” ЖАКнын биргелешкен долбоорунун артынан жана «ЭЛКАРТ Мобайл» мобилдик тиркемесинин банктын кардарларынын базасы менен интеграциялануусунан улам, өлкөнүн баардык банктары тарабынан чыгарылган “Элкарт” улуттук карттары менен банктык операцияларды жүзөгө ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылган. Долбоордун артынан “Элкарт” улуттук төлөм тутумунун кайсыл болбосун катышуучусу 24/7 ыргагында "Керемет Банктын" кардарларынын аманаттарын, эсептешүү эсептерин же карт эсептерин толуктап, ошондой эле акча которууларды ишке ашырып жана насыяны дагы төлөй алат.

"Керемет Банкта" тейленүүгө алуу тууралуу суроолорду күнү-түнү иштеген контакт-борбордон (0312) 55 44 44 номерине чалып,  (0557) 55 44 44 номериндеги WhatsApp тутумуна жазып же болбосо расмий сайттагы чат аркылуу ала аласыздар.

close