Жаңылыктар

Турак жай курулушун каржылоо боюнча программанын алкагында чакыруу

31 бугу 2022

 Урматтуу Катышуучу!

 «Керемет Банк» ААК Турак жай курулушун каржылоо боюнча программанын алкагында куруучу компания менен курулуучу объектти тандоого катышуу үчүн табыштама берүүгө чакырат.

  • Аткарылуучу иштин орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары;
  • Ишти аткаруу мөөнөтү: 6-12 ай;
  • Сиздин табыштамаңыз жана катышуу үчүн даярдаган документтериңиз белгиленген формада жана чапталган таризде төмөнкү дарек боюнча «Керемет Банк» ААК жөнөтүлүүсү зарыл: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо  көч, 40/4 «Курулуш компаниясын жана курулуш объекттин тандоо боюнча комиссияга»;
  • Болжолдуу күрөөлүк камсыздоону сыпаттоо: эсептешүү/депозиттик эсептеги акча каражаттары жана/же кыймылсыз мүлк, кыймылсыз мүлктүн жайгашкан орду жана кыскача сыпатталышы;
  • Табыштама бир долбоордун алкагында гана жарактуу;
  • Тандоонун катышуучулары өз табыштамаларын 10 календардык күн ичинде берүүлөрү керек.

Тандоо үчүн талаптар жана шарттар менен бул шилтемеден таанышууга болот.


close