Жаңылыктар

Баткен облусу боюнча жеңилдетилген насыялар

3 баш оона 2022

 Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында, Баткен облусунун жеке ишкерлерине колдоо көрсөтүү дагы каралаган.

 Эми Баткен облусунда жашаган 20 жаштан 65 жашка чейинки жеке ишкерлер жана ​​насыя алуу үчүн арыз бергенге чейин 6 айдан кем эмес иш жүргүзүшкөн туруктуу бизнеси бар юридикалык жактар 10 миллион сомго чейин насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

  • Насыя боюнча пайыздык коюм: Жылдык 0%дан 3%га чейин
  • Жарактуулук мөөнөтү: 60 айга чейин

Насыя алуунун жолдору жана эрежелери менен шилтеме аркылуу өтүп таанышсаңыздар болот.

Суроолор боюнча төмөнкү телефондор аркылуу «Керемет Банк» ААКнын күнү-түнү иштөөчү контакт борборуна же сайттагы кайтарым байланыш формасы аркылуу сурап-билүүгө болот:  (0 312) 55 44 44, WhatsApp - (0 557) 55 44 44.

close